Жол кырсыктары азайсын! Өлкө түштүгүндө жаштар акция уюштуруп, түлөө өткөрөт

Жазылуу
Жалал-Абад облусунда эле жыл башынан бери 407 жол кырсыгы катталып, андан 79 адам каза тапкан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын активист жаштары жол кырсыктарын азайтууга багытталган акция өткөрө тургандыктарын аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Келдибек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Ош — Бишкек жолунун боюнда уюштурулуп, мал союлат.

"Азыр кырсыктар көп катталууда. Ошол себептүү кан чыгаралы деп чечтик. Акциянын алкагында айдоочулар арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Иш-чара алгач Жалал-Абад аймагына караштуу трассада өтөт", — деди Жээнбеков.

Ал эми Жалал-Абад облустук Кайгуул милициясынын өкүлү Кылычбек Рысбаев аталган дубанда жыл башынан бери 407 жол кырсыгы катталып, 79 адам каза тапканын айтты. Мындан тышкары, 743 киши ар кандай жаракаттарды алганы белиглүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0