Бишкектеги муктаж балдарга акысыз мектеп формасы таратылды

© Фото / Facebook / Центр Защиты Детей - Centre for the Protection of ChildrenРаздача школьной формы для детей из малоимущих семей
Раздача школьной формы для детей из малоимущих семей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге атайын донорлордун каржылоосу менен ишке ашкан

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкектеги аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына 100 мектеп формасы акысыз таратылды. Бул тууралуу "Балдарды коргоо борборунун" pr-адиси Бермет Алишева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган борбор балдарга форма даярдоо үчүн тигүү цехтерин издеп жаткан.

"Даяр болгон мектеп формалары "Дордой" менен "Ош" базарларында иштөөгө мажбур болгон балдарга таратылды. Бизге көмөктөшкөн мыкты инсандарга алкыш айтабыз. Сиздердин артыңыздар менен балдардын билим алуусуна шарт түзүлдү", — деди Алишева.

Ал мектеп формасын тиктирүүдө донорлор көмөктөшкөнүн айтып, учурда дагы 10 бала мектеп формасына муктаж болуп жатканын кошумчалады.

Баланы мектепке даярдоо канча турарын, Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0