Соцтармак кызыктары: 30 бала төрөөгө чакырган бийкеч, унаа менен улак чапкан уландар

© SputnikЖүрүп бараткан унаанын үстүндө бараткан бала, omks_video Instagram баракчасынан тартылган сүрөт
Жүрүп бараткан унаанын үстүндө бараткан бала, omks_video Instagram баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын жардамы менен коомдук пикирлерди бат эле ортого алып чыгып талкуулай койгонго кеңири жол ачылып калды. Ага далил катары көк бөрүчүлөрдүн чуулгандуу окуяларын айтсак болот.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Апта башында мыкты улакчы Манас Ниязов Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигине улуттук курама команда менен барбай калышы коомчулуктун нааразычылыгын жаратса, оюн башталгандан кийинки така чыры элди катуу дүрбөттү.

1. Улакчысына күйгөн эл. Алгач эле көк бөрү боюнча Астанага аттанаар алдында улуттук курама командага мыкты оюнчу Манас Ниязовдун кирбей калышы нааразычылык жараткан.

Астанага баргандан кийин да така чырынан улам кыргыз улакчылары оюнга убагында чыкпай калып, кыргыз эле бир топ эле дүрбөдү. Аягында кандай басым болбосун моюн бербей жеңишти камсыздоого белсеништи.

2. Оштун мэри обон созгондо. Калаа башчы Айтмамат Кадырбаев жаштар менен биргеликте суу жээгинде отуруп, Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" ырын ырдады.

3. Көбөйгүлө, кыргыздар, тезирээк. Кыргыздын аздыгына кейиген бийкеч ыр окуду. Андан "Келчекти кеңейтпейлиби, келинчекке кеңешпейлиби, кыр-тоолорду тарттырып ийбей кыргыздарды көбөйтпөйлүбү. Оо дүйнөгө кетсең көз жумуп, 30 балаң калсын артыңда!" деген саптарды кездештирүүгө болот.

4. Өздөрүн унаанын улакчысы сезгендер. Жүрүп бараткан унаанын терезесине үч бала артынып, бирөөсү үстүнө жатып алган видео Instagram тармагына жүктөлдү. Булар эгер аз эле жерден мүчүлүштүк кетире турган болсо соо калышы күмөн… Мунуңду апаң көрсө жүрөгү оозуна жете түшсө керек.

Когда кровь кипит...

Публикация от doshan.nusupbekov (@doshan.nusupbekov) Авг 21 2017 в 7:40 PDT

5. Кайдыгер полиция. Казакстанда мушташкан балдарды ажыратпаган полиция кызматкери талкууга түштү. Өзү таяк жеп калам деп корктубу, айтор, ага карай чуркаган уланга жардам берүүдөн баш тартты.

Драка перед сотрудником __ #каканаесть #атдущи #есьже

Публикация от Есьже, я приезжий! (@eap_kz) Авг 19 2017 в 1:20 PDT

6. Өзүн эмген уй. Бул уй өзүнүн торпогун, кошуп ээсин да куруткудай.

7. Тушоо кесем деп тоголонгондор. Байге алам деп эле алкынып чуркай бербей коопсуздукту да сактаңыз. Жаныңыз өкмөттүкү болсо да.

Бугун тушоо тойдо дтп болду. 180 км менен тормоз иштебей зимний донголок болуп калды окшойт.

Публикация от Азамат Исмаилов (@azamat_ismailov_cheber) Авг 20 2017 в 7:19 PDT

Жаңылыктар түрмөгү
0