01:55 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева жана кызы Алия Шагиева менен. Архив

Мен кандын тамчысына окшошмун. Алия Шагиева атасына арнап видео ролик тартты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
840221

Шагиева атасын катуу жакшы көрөрүн айткан

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасына атасына арнаган видео роликти жүктөдү.

"Акыркы сүрөтүмдө кандай көрүнүп турганымды түшүндүм. Кызыл эриндериме жарашыктуу кызыл көйнөк кийип алып, саргыч түстөгү отургучта отурганым — муздак ташка тамып, аны илеби менен күйгүзүп жиберген кандын тамчысын элестетет. Азыр кагазга жазып жатып кол тамгам атамдыкына окшош экендигин жана аны канчалык жакшы көрөрүмдү болуп көрбөгөндөй сезип жатам", — деп Шагиева роликтин алдына жазган.

Ал ошондой эле атасына болгон сүйүүсүн айтып, ага ыраазычылык билдирген.

"Ар качан мага көңүл буруп, пикиримди укканыңыз үчүн ыраазымын. Сизге болгон сүйүүмдү дайыма билдирип турбасам дагы мээримиңизди төгүп турасыз", — деп Шагиева белгилеген.

Шагиева социалдык тармак аркылуу өзүнүн сезимдери, эмгектери жана барган жерлеринен тартылган видеолорду жарыялап турат.

Тема боюнча

Шагиева баласын эмизген сүрөтү тууралуу: ата-энем жактырган эмес
Алия Шагиева: Нарынга барып, сүйүнүчтөн ыйладым
Алия Шагиева кыргызча "сүйлөдү". Буюккан кайык, 32 кулак, тилдеген эне
Белгилер:
видео, Алия Шагиева, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ