Бишкекте мыйзамсыз курулган алты курулуш алынды

Жазылуу
Курулуш ээлерине алдын ала эскертүү берилген. Алардын айрымдары ага эч көңүл бурган эмес.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз курулган айрым курулуштарды алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Фрунзе көчөсүндө бышкан кыштан салынган дубал түрттүрүлдү. Эскертүү алган курулуштун ээси түрттүрүүгө уруксат берген.

Андан сырткары, "Дордой" жаңы конушуна эч кандай уруксат берүүчү документтери жок эле темир кампа куруп алган. Ошондой эле мыйзамсыз коюлган гараж жана контейнер мэрия менен "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0