Атамбаев Бердымухамедовго туулган күнүндө тулпар мингизген

© AP Photo / Charlie RiedelЛошадь получает ванну после утренней пробежки в Луисвилле, американском штате Кентукки.
Лошадь получает ванну после утренней пробежки в Луисвилле, американском штате Кентукки. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле президенттер аймактык жана дүйнөлүк күн тартибинде турган маселелер боюнча пикир алышкан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Бердымухамедов Атамбаев менен жылуу учурашып, туулган күнүнө карата Тираско аттуу асыл тукум жылкыны белек кылганы үчүн ыраазычылыгын айткан. Бердымухамедов 29-июнда 60 жашка чыккан.

Ошондой эле мамлекет башчылары эки өлкөнүн артыкчылык берген маселелери боюнча пикир алышкан.

"Ушундан улам эки тараптуу жеке жолугушуулар менен сапарлардын жыйынтыгында мамлекеттер ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жаңы тепкичке көтөрүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, президенттер аймактык жана дүйнөлүк күн тартибинде турган маселелер боюнча пикир алышкан.

Бердымухамедов Атамбаевди быйыл 17-27-сентябрда аскер искусствосу боюнча жабык жайда өтө турчу V Азия оюндарынын ачылыш салтанатына катышууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0