БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кечээ түнү Боомдо катталган жол кырсыгынан жабыркаган жарандардын абалы туурасында Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктан бирөө набыт болуп, үч адам Балыкчы аймактык ооруканасына жеткирилген.
"Жаракат алган 23 жаштагы жарандын мээси чайкалган, көп жери сыйрылган, башына кан уюп калган жана сыныгы бар. Абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экинчи жүргүнчү да 23 жашта. Анын башы жарылып, омурткасы жабыркаган. Травматология бөлүмүнө жаткырылып, абалы орточо деп бааланууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен үчүнчү жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлгөнүн маалымдашты.