БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Россиянын аскер кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Каракол деңиз полигонуна "кол салгандарга" каршы туруудагы даярдыгын сынашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Борбордук аскерий округдун расмий өкүлү Ярослав Рощупкинге таянуу менен билдирди.
Алдын ала план боюнча аскер объектисине суудан жана кургактан кол салышкан. Алар кампалар менен административдик имаратты басып алууга аракеттенишкен.
"Нөөмөттө тургандар суудагы кишилерди көрүп, ыкчам маалымат беришкен", — деди Рощупкин.
Жоокерлер объектинин аймагына киргендердин жолун тосуп, аларды колго түшүрүшкөн.
Каракол сыноо полигону Россиянын Кыргызстандагы бириккен аскер базасынын курамына кирип, суу алдындагы куралдарды сыноо үчүн даярдалган. Анын физикалык-географиялык жана гидрологиялык шарты жыл бою изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.