Бишкектин Пионер жана Комсомол көлдөрүндө сууга түшүү башталды

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Пионер" көлүндө сууга түшүп жаткан шаар тугундары. Архив
Пионер көлүндө сууга түшүп жаткан шаар тугундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип бузуулардын жана сууга чөгүп кетүүлөрдүн алдын алуу үчүн Кара-Жыгач сейил багында эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин тартип коргоо кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турат.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Пионер жана Комсомол көлдөрүнө эми эс алуучулар бара аларын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, "Зеленстрой" сууга түшүү маалын ачууга даярдык көрүп, суунун жака-белиндеги чөптөрдү чаап, отургучтарды, таштанды челектерди, көлөкөлөгөн жайларды оңдоп-түзөгөн.

"Көл жээгине 680 тонна кум себилген. Ал эми балыр жана суу алдындагы чөптөрдү жок кылуу үчүн 11 тонна техникалык туз жана 2 тонна хлорлонгон акиташ төгүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Тартип бузуулардын жана сууга чөгүп кетүүлөрдүн алдын алуу үчүн Кара-Жыгач сейил багында эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин тартип коргоо кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турат. Ошондой эле түшкү саат 12:00дөн кечки саат 21:00гө чейин ӨКМ куткаруучулары иштеп, октябрь айына чейин ошол жерде болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0