Жалал-Абад облусундагы 222 имам аттестациядан өттү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүНамаз окуп жаткан имам. Архив
Намаз окуп жаткан имам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын алдында түзүлгөн аттестациялык комиссиянын төрагасы Марс ажы Ибраевдин айтымында, имамдардын билим деңгээлдери жогорулап, коомчулук менен иш алып баруусу жакшырган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы 222 имам аттестациядан өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Соолихийн" борбордук мечитинде облус боюнча имамдардын аттестациясы өтүүдө.

Муфтияттын алдында түзүлгөн аттестациялык комиссиянын төрагасы Марс ажы Ибраевдин айтымында, имамдардын билим деңгээлдери жогорулап, коомчулук менен иш алып баруусу жакшырган.

"Жалал-Абад облусундагы 222 имам аттестациядан ийгиликтүү өттү десек болот. Жалпысынан имамдарыбыз жакшы көрсөткүчтөрдү бере алышты. Дин кызматкерлери квалификациялык курстарга барып, тажрыйбалары бекемделгендиги аттестациялоо ишинин жүрүшүндө байкалып турду", — деди Ибраев.

Эскерте кетсек, буга чейин имамдардын аттестациясы Ош облусунда өтүп, анда 354 имам аттестациядан өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0