Токтогулдун Кызыл-Туу айылында арак-шарап сатылбай турган болду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү спирт ичимдиктери. Архив
Дүкөндөгү спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай демилгени жергиликтүү активисттер менен айыл аксакалдары көтөрүп чыгышкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Токтогулдун Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу демилгечи активисттердин бири Маданбек Эшматов билдирди.

Анын айтымында, демилгени жергиликтүү активисттер менен айыл аксакалдары көтөрүп чыгышкан.

"Айылдыктар атайын жыйын куруп ага дүкөн ээлери да катышты. Жыйындын соңунда соодагерлер спирт ичимдиктерин сатпоого оозеки макулдугун беришти. Буга чейин айылда спирт ичимдиктеринин айынан жаңжалдуу окуялар катталып келген. Ал тургай арак-шараптан ууланып каза тапкандар да болгон", — деди Эшматов.

Ошондой эле ал айыл ичинин тынч болушу үчүн ушундай кадамга барышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0