Бишкектеги дүкөндө муктаж болгон карыларга акысыз нан берилип жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖители Горловки получили гуманитарную помощь от ополченцев
Жители Горловки получили гуманитарную помощь от ополченцев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрымдуулук акциясы июль айынын аягына чейин созулмакчы

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектин түштүк жагындагы соода борборлорунун бири 1-31-июль аралыгында улгайган адамдарга акысыз бирден бөлкө берип турарын дүкөндүн өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Маалыматка караганда, мындай акция жыл сайын жай мезгилинде өткөрүлүп турат.

"Мурдагы жылдары кайрымдуулук акция бир нече күнгө гана созулган. Бирок бул жылы көбүрөөк акча чогулгандыктан акция бир айга созулмай болду", — деп дүкөндүн жетекчилиги билдирди.

Белгилей кетсек, акысыз нан алууну каалаган пенсионерлер Жетикашкаев, 14 дарегинде жайгашкан дүкөнгө барса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0