Мэрия Бишкекте дагы канча дарак кыйыларын айтты

Жазылуу
Жол оңдоо иштеринен улам жыл башынан бери 1130 бак кыйылган

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте жакынкы арада дагы 4029 бак кыйыла турганын мэриянын өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында айтышты.

Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда Болот Мамбетов атындагы көчөнүн жээгинде бардык бактарды кыйып салышкан - Sputnik Кыргызстан
"Чыгыш-5теги" бактарды 2,5 сааттын ичинде кыйып салышты. Жашоочулар нааразы болууда
Былтыр муниципалитет жумушчу комиссиясын түзүп, ал борбор калаадагы 115 миң 551 бакты изилдеп чыккан. Бул "Зеленстрой" ишканасынын балансында турган дарактардын жарымы болуп саналат. Адистер анын ичинен кооптуулук жаратканы 6736 экенин аныктаган. Эки жылдын ичинде 2 707 бак кыйылды.

Мындан тышкары, жол оңдоо иштеринен улам шаардагы 1130 дарак кыйылганы маалым. Мында совет мезгилинде отургузулган бактардын басымдуу бөлүгү ирригация системасы менен тротуарларды жабыркатканы айтылат.

Эми "Зеленстрой" 17 928 ийне жалбырактуу дарак, 5000 көчөт жана 5900 бадал отургузууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0