БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев 29-июнь күнү эртең менен каза болгондугун артисттин жарандык никедеги аялы Александра Куцеволдун сөзүнө таянып, РИА Новости жазды.
"Бүгүн 7.05те менин жашоомдун маңызы, сүйүүм, бактым каза тапты… Эми мен сенсиз кантип жашайм?.. Уч, Олег! Мен ар дайым сени менен", — деп ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Мурдараак Куцевол РИА Новости агенттигине жолдошу оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирген.
Маалыматка караганда, дарыгерлер анын өпкөсү оор илдетке чалдыкканын айтышкан.
Олег Яковлев "Иванушки International" тобунда 1998-2013-жылдары иштеп, кийин жеке ырчы катары чыгармачылыгын улаган.