Бишкек шаарындагы дин кызматкерлери бирдиктүү формага ээ болушат

Жазылуу
Казыят кызматчылары эл алдына чыкканда бирдиктүү форманы кийүүгө милдеттендирилет.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын казыят кызматкерлери бирдиктүү форма кийишет. Бул тууралуу борбордун мусулмандар казысы Садридин ажы Мажитов билдирди.

Анын айтымында, имамдар форманы иш учурунда эле кийишет.

"Имамдар иш-чараларда эл менен бирге болгондуктан исламдын белгисин көрсөтүп турушу керек. Бул деген күнүмдүк жашоодо да дайыма ушундай кийим менен жүрүшү керек дегендике жатпайт. Эл алдына чыкканда жана ар кандай жыйындарда ушул формасын милдеттүү түрдө кийишет", — деди Мажитов.

Мындан ары дин кызматкерлери ар кандай жыйындарда кийген кийими менен да башкалардан өзгөчөлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0