Тыныстанов көчөсүнүн бир бөлүгү эки айга жабылат

Жазылуу
Жолдун аталган бөлүгүнө жылуулук түтүктөрү төшөлөт.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкектеги Тыныстанов көчөсүнүн бир бөлүгү эки айга чейин жабыла турганын мэрия билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 21-июндан тарта Тыныстановдун Киев көчөсүнөн Токтогулга чейинки бөлүгү тосулат.

Мындай аракеттер аталган аймакка жылуулук түтүктөрүн төшөө иштерине байланыштуу болуп жатат. Ремонт иштери 20-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0