22:21 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Тиш доктур жумуш учурунда. Архив

Жаагыңды тешип салам! Тиш доктурдун жинин кашайткан 5 учур

© Sputnik / Кирилл Брага
Коом
Кыскача шилтеме алуу
192110

"Кыргызстандыктардын жинин келтирген нерсе" рубрикасы өлкөдөгү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Бишкектеги бейтапканалардын биринде иштеген стоматолог тиш доктурга келген бейтап өзүн кандай алып жүрүшү керектигин, башкача айтканда, кандай болбошу керектигин тизмектеп берди.

Ит жандуу. Бейтаптардын эч кимисин таарынткым келбейт, бирок жан чыдагыс ооруга "дың" дебей отуруп бергендерге жиним келет. Ооруну сездирбей турган каражаттар арбын турса, отурасыз, көзүңүздөн жаш кылгыртып. Жаныңыздын канчалык кыйналып жатканын мен кайдан билмек элем. Андыктан отура бербей, дары сураңыз. Эгер катуу ооруганда кыймылдап кетсеңиз, жаагыңызды тешип салышым толук мүмкүн.

Коркоктор. Бул адамдар адатта 40тын ары жак-бери жагында, жакшы кызматта иштеген кишилер, бирок стоматологдон корккону корккон. Мындан улам тиш доктурга бара турган күндү улам жылдыра берип, таптакыр болбой калганда мойнунан байлаган иттей болуп араң келет. Келгенин келип алып, оозун ачпай убара кылат. Ой, процедуранын баарын ооруну сездирбөөчү дары сайып туруп жасайбыз, кандай адамсыз деги?..

Кокочолор. Тишиң ооруп, жаның көзүңө көрүнүп жатканда ким эле тиш пастасын ойлосун, ошентсе да кээ бир бейтаптар менен иштеп атып "бул бечара гигиена тууралуу укту болду бекен?" деп ойлоп кетесиң. Дарыгер деле адам да, сиздин тишиңизди дарылап жатып кусуп ийсе жакшы болобу? Баса, стоматологго келээрде тамекини деле жөн эле коюңузчу…

Эсепчилер. "Канча?! Тишимди оңдотуп коюп, анан жел соромбу!". Мындай сөз жумасына бир нече жолу жаңырат. Кыргызстанда стоматологиялык кызматтын баасы анчалык деле кымбат эмес, албетте, анда-санда келгендер үчүн. Жөнөкөй мисал: Ош базарынан 300 сомго сатып алынган бут кийимдин көп узабай турганын балакеттей эле билесиз да, шумдук дегенде бир жумага чыдайт. Тиш деле ошондой.

Стоматологдор. Күлбөңүз, дантисттерди жаман көрөм, анткени кесипкөй тиш доктур табуу мен үчүн чоң көйгөй. Өзүмө өзүм пломба кое албайм да. Андан да башка дарыгердин кемчилиги тимеле көзгө сайгандай көрүнө бергенин кантесиң.

Тема боюнча

Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
Петербург: дарыгер ага кайрылган аялдын 22 соо тишин жулуп салды
Стриптиз бийлеп бер дешет! Бийчинин жанын кашайткан нерселер
Белгилер:
стоматолог, жумуш, кесип, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ