08:09 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR92.1193
  • RUB1.1204
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16530

Мындан сырткары айылдарда жумушсуз жүргөн 15 адам үй жылуулоо жумушун үйрөнүп учурда буйрутмалар иштеп жүрүшөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Финляндиянын Астана шаарында жайгашкан элчилиги Ысык-Көл облусунда аз камсыз болгон 9 бүлөнүн  үйүн акысыз жылуулап берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Финляндиянын Астана шаарында жайгашкан элчилиги Ысык-Көл облусунда аз камсыз болгон 9 бүлөнүн  үйүн акысыз жылуулап берди
    Финляндиянын Астана шаарында жайгашкан элчилиги Ысык-Көл облусунда аз камсыз болгон 9 бүлөнүн үйүн акысыз жылуулап берди
    © Фото / Нурлан Токонов
  • Мындай жардамды Ысык-Көл облусунун ар кайсы айылдарында жетишпей жашаган үй-бүлөлөр алган.
    Мындай жардамды Ысык-Көл облусунун ар кайсы айылдарында жетишпей жашаган үй-бүлөлөр алган.
    © Фото / Нурлан Токонов
1 / 2
© Фото / Нурлан Токонов
Финляндиянын Астана шаарында жайгашкан элчилиги Ысык-Көл облусунда аз камсыз болгон 9 бүлөнүн үйүн акысыз жылуулап берди

Маалыматка ылайык, мындай жардамды Ысык-Көл облусунун ар кайсы айылдарында жетишпей жашаган үй-бүлөлөр алган.

"АВЕП коомдук фондусу ишке ашырып жаткан бул долбоорго Финляндия элчилиги 2015-жылдан тарта каражат бөлүп, ал акчага Ысык-Көл облусунда жайгашкан 9 бүлөнүн үйүн кышка карата акысыз жылууланды. Мындан тышкары айылдарда жумушсуз жүргөн 15 адам бул өнөрдү үйрөнүп, атайын курулуш бригадаларын түзүп, үйдү жылуулоо боюнча 39 буйрутма аткарышкан", — деп жазылат маалыматта.

Үйү бекер жылууланган адамдардын арасында көп балалуу жалгыз бой энелер, ата-энесинен эрте ажыраган жетим балдар жана жашоо-шарты өтө начар үй-бүлөлөр бар.

"Кең пейил, боорукер адамдарга ыраазымын. Өзүм майып, келинчегим да иштебей үч баланы араң багып жатканбыз. Буга чейин үй сокмо дубал болуп, сырты шыбалбагандан улам тез муздап, кичинекей үч балабыз менен үшүп отурчубуз. Суукта үйдүн ичи нымдалышып, көгөрүп кетчү. Буюрса, кышта жылуу чыгат болушубуз керек", — деди үйү жылууланган Эрлан Осмокеев.

Мындан сырткары аталган коомдук фонд Швейцария элчилигинин колдоосу менен Чүй облусундагы бир баласы бар майып келиндин үйүн жылуулап, короо-жайын тосуп берди.

Тема боюнча

Москвада мигранттар "кайрымдуулук жарамазанын" айтып 55 миң рубль чогултушту
Нарында аз камсыз болгон 250 үй-бүлөгө бирден музоолуу уй берилди
Белгилер:
кайрымдуулук, Финляндия, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ