БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда Куранды жатка окуу боюнча республикалык сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Тандоо туру 15-июндан 4-июлга чейин өткөрүлөт. Дубандардан алдыңкы орунга жетишкендер 6-июль күнү Бишкектин борбордук мечитинде өтө турган республикалык мелдеште ат салышат.
Сынак катышуучуларынын жашы 25тен ашпоосу шарт. Ошондой эле кыздар дагы катышууга укугу бар. Ал эми байге улан-кыздар үчүн деп өзүнчө берилбестен ким жогорку деңгээл көрсөтсө, жеңиш ошого ыйгарылат.