Борбор калаа "Таза Бишкек" акциясынын алкагында акыр-чикирден тазаланат

Жазылуу
Аталган акциянын максаты шаарды жана ага жакын аймактарды таштандыдан арылтуу болуп саналат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында 11-июнда "Таза Бишкек" акциясы өтөт. Бул тууралуу Дмитрий Андреев атындагы фондусунан билдиришти.

Аталган акциянын максаты шаарды жана ага жакын аймактарды акыр-чикирден арылтуу болуп саналат.

"Акция шаардын түштүк аймагынан башталып, биринчи кезекте панорама, флагшток жана эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн түштүк аймагы тазаланат. Чогулган таштандылар желим, айнек, темир жана кагаз болуп бөлүнүп, кайра иштетүү үчүн жиберилет", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.

Белгилей кетсек, буга чейин 27-28-майда "Таза Ысык-Көл" акциясы өтүп, анын алкагында Ысык-Көл облусунун 25 калктуу конушу таштандыдан тазаланган. 1500дөй киши 3800 кап таштанды чогулткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0