Баткен: сууга аккан өспүрүмдү куткарган айдоочунун эрдиги кокусунан билинди

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун баланы суудан чыгарып алуу аракеттери ишке ашпай, кайра унаасына отуруп, агым кубалап барып, сууга боюн таштаган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Баткен районунда чоң каналдагы сууга агып бараткан 12 жаштагы баланы Кара-Бак айылынын тургуну Орозбай Асабидинов куткарып калды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова аймактык кабарчыга билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткен районунда чоң каналдагы сууга агып бараткан 12 жаштагы баланы куткарып калгон Кара-Бак айылынын тургуну Орозбай Асабидинов
Житель села Кара-Бак Орозбай Асабидинов, спасший 12-летнего тонущего подростка - Sputnik Кыргызстан
Баткен районунда чоң каналдагы сууга агып бараткан 12 жаштагы баланы куткарып калгон Кара-Бак айылынын тургуну Орозбай Асабидинов

Окуя Баткен районунда болгон. Бирок жаш баланын өмүрүн сактап калган окуя жергиликтүү тургундун айдоочулук күбөлүгү сууга чыланып, аны алмаштыруу үчүн Кайгуул милициясына кайрылганда гана белгилүү болгон.

Маалыматта окуянын төмөнкүчө болгону айтылат. Жергиликтүү жашоочу Орозбай Асабидинов өз унаасына жүргүнчүлөрдү салып бара жатканда жол боюндагы чоң каналда агып бара жаткан баланы көрөт.

"Унаасын ылдамдатып барып токтоп, баланы суудан чыгарып алуу үчүн кылган эки аракети ишке ашпай, кайра унаасына отуруп, агымды кубалап барып, сууга боюн таштап, баланы куткарат. Башы катуу тийген жаш бала эсин жогото баштаганын көрүп, ооруканага жеткирет" — дейт маалымдаган Бердикулова.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев жергиликтүү жашоочу Орозбай Асабидиновду эрдиги үчүн ыраазычылык билдирип, белек тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0