Кыргызстандын чек арасын бузган ирактыктар сот залынан бошотулду

Жазылуу
Ирактыктар согуш болуп жаткан аймактан качуу үчүн документ жасалмалоого аргасыз болушканы айтылган.

БИШКЕК, 7 июн — Sputnik. Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүүгө айыпталып, камакта жаткан төрт ирактык жарандын иши бүгүн Ош облустук сотунда каралды. Бул тууралуу аймактык кабарчы облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкуловго шилтеме берип билдирди.

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда баңгизат саткан адам Facebook баракчасынын түз эфиринен кармалды
Маалыматка караганда, сот Ирактын төрт жаранына бир жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок буга чейинки камактагы күндөрү жаза катары эсептелип, айыпталуучулар сот залынан бошотулган.

76 жаштагы аял эки небереси менен жасалма документ аркылуу Кыргызстандын аймагына кирген деп айыпталган. Сот залында ирактыктар согуш болуп жаткан аймактан качуу үчүн документ жасалмалоого аргасыз болушканы белгиленген. Алар бүгүн Бишкек шаарына жеткирилип, андан ары башка өлкөгө чыгарылмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0