ШИИБ: "Дыйкан" базарынын сатуучулары боюнча материал сотко жиберилди

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота рынка "Дыйкан-Пишпек" в Бишкеке
Работа рынка Дыйкан-Пишпек в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү түндө базардын айланасы курчоого алынып, анын жабылуусуна каршы болгон бир катар сатуучулар РИИБге алып келинген.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Дыйкан" базарынан 11 киши Ленин РИИБге алып келинип, административдик укук бузуулар боюнча материалдар райондук сотко жиберилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган базар 24-майдан тарта жабыларын мэрия билдирген. Шейшемби күнү түндө базардын айланасы курчоого алынып, анын жабылуусуна каршы болгон бир катар сатуучулар РИИБге алып келинген.

ШИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, РИИБге алып келинген 11 кишиге карата ички иштер органдарынын талабына баш ийбөө боюнча протокол түзүлгөн.

"Чечим кабыл алуу үчүн материалдар Ленин райондук сотуна берилди. Сатуучулар райадминистрациянын ишине тоскоолдук жараткан", — деп ШИИБден билдиришти.

"Дыйкан" базары нефть базасына жакын жайгашкандыктан адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратып, өзгөчө кырдаалдардын болуп кетишин шарттайт. Эгер өрт чыгып кетсе базарда кошумча кирип-чыгуучу жол болбогондуктан оор жоготууларга алып келиши мүмкүндүгүн мэрия маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0