Казандын тургундары түрдүү тамактын ичинен палоого ашык болушту

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүУзбекский плов.
Узбекский плов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Палоону ушунчалык тездик менен сатып алышкандыктан ашты дагы бир ирет басууга туура келген.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Татарстандын борбору Казань шаарында "Россия — Ислам дүйнөсү: Kazan Summit 2017" эл аралык экономикалык саммитинин алкагында түрдүү мамлекеттердин тамактары тартууланды. Алардын ичинде араб, түрк, татар, иран жана өзбек ашканалары болгонун жеринен Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Чулпан Зайдуллинанын айтымында, палоону келген эл абдан жакшы көрүп сатып алган.

"Кой эти кошулуп жасалган палоо эң өтүмдүү болду. Ал ушунчалык тез түгөнгөндүктөн кошумча палоо басууга туура келди", — деди ал.

Андан сырткары, уй этинен жасалган самса да бардыгына жаккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0