Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жекшембиде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында күндүз 25…27 градуска чейин ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы 28…30 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Чүй, Талас өрөөндөрүндө 25…26 градус, Ош, Жалал-Абал жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 29 градус ысыса, күндүн табы Ысык-Көл менен Нарында 22…23 градуска чейин чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0