05:25 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Телефон кармаган киши. Архивдик сүрөт

Бишкекте уурдалган телефон ээсине кайтарылды

© Sputnik / Владимир Песня
Коом
Кыскача шилтеме алуу
369421

Назар Канаев жекшемби күнү телефонун жоготконун, бирок Dropbox тиркемесине анын телефонун көтөрүп жүргөн кишинин сүрөтү келгенин жазган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Назар Канаевге жоголгон телефонун аны көтөрүп жүргөн бейтааныш киши алып келип бергенин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Канаев жекшемби күнү телефонун жоготконун, бирок Dropbox тиркемесине анын телефонун көтөрүп жүргөн кишинин сүрөтү келгенин жазган. Бейтааныш киши анын чалуусуна жана СМС билдирүүсө жооп бербей жатканын да айткан. Ал телефонун табуу үчүн милицияга кайрылган.

"Милиционерлер аны таап, менин телефонду издеп жатканымды айтышыптыр. Ал дароо мага чалып, жолугуша турчу жерди белгиледик", — деп жазат ал.

Алар жолукканда кол алышып, отуруп сүйлөшүп, коштошордо бири-бирин дайыма эстеп жүрөрүн айтышкан.

Канаев ошондой эле анын телефонун табууга жардам берген жакындарына, социалдык тармактын колдонуучуларына жана милиционерлерге ыраазчылыгын билдирген.

Тема боюнча

Телефонун уурдаткан бишкектик жигитке бейтааныш кишинин сүрөттөрү келип жатат
Кыргызстанда кылмышкерлердин канчасы кармалып, канчасы куйругун түйүп кетет
Белгилер:
издөө, телефон, милиция, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ