12:27 27 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7891
  • EUR98.4232
  • RUB1.2191
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12001

Мителер жайылып кеткен аймактарга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов барып, чегирткелерди жок кылуу иштерин 19-майга чейин бүтүрүүнү талап кылды.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чүй облусунун Панфилов районунда жайытты каптап кеткен чегирткелерди жок кылуу иштери аткарылып жатканын Чүй облустук администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

  • Чүй облусунун Панфилов районунда жайытты каптап кеткен чегирткелерди жок кылуу иштери аткарылып жаткан
    Чүй облусунун Панфилов районунда жайытты каптап кеткен чегирткелерди жок кылуу иштери аткарылып жаткан
    © Фото / пресс-служба полпреда ПКР в Чуйской области
  • Панфилов районунун Фрунзе жана Вознесеновка айыл аймактарындагы жайыттарда чегирткелердин көбөйүп кеткендиги тууралуу маалыматты жергиликтүү кызматтар билдиришкен.
    Панфилов районунун Фрунзе жана Вознесеновка айыл аймактарындагы жайыттарда чегирткелердин көбөйүп кеткендиги тууралуу маалыматты жергиликтүү кызматтар билдиришкен.
    © Фото / пресс-служба полпреда ПКР в Чуйской области
  • Мындан улам аларды жок кылуу чечими кабыл алынды. Фрунзе Айыл аймагында 900 гектар, Вознесеновкада 300 гектар жер тилкеси химиялык тазалоодон өттү
    Мындан улам аларды жок кылуу чечими кабыл алынды. Фрунзе Айыл аймагында 900 гектар, Вознесеновкада 300 гектар жер тилкеси химиялык тазалоодон өттү
    © Фото / пресс-служба полпреда ПКР в Чуйской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба полпреда ПКР в Чуйской области
Чүй облусунун Панфилов районунда жайытты каптап кеткен чегирткелерди жок кылуу иштери аткарылып жаткан

"Панфилов районунун Фрунзе жана Вознесеновка айыл аймактарындагы жайыттарда чегирткелердин көбөйүп кеткендиги тууралуу маалыматты жергиликтүү кызматтар билдиришкен. Мындан улам аларды жок кылуу чечими кабыл алынды. Фрунзе Айыл аймагында 900 гектар, Вознесеновкада 300 гектар жер тилкеси химиялык тазалоодон өттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда жайыттарды тазалоо иштери чегиртке пайда болгондон баштап 20 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.

Мителер жайылып кеткен аймактарга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов барып, чегирткелерди жок кылуу иштерин 19-майга чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Тема боюнча

Аймактарга эхинококкоз тууралуу китепчелер жөнөтүлдү
Белгилер:
Чүй облусу, Бактыбек Кудайбергенов, жайыт, чегиртке

ЭҢ МААНИЛҮҮ