Санариптик берүүгө кантип туташам? СТБ тууралуу бардык суроого жооп

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүПродажа плазменных телевизоров
Продажа плазменных телевизоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ресивер кантип туташат? Канал начар көрсөткөн маалда эмне кылуу керек? Санариптик коммерциялык канал канча турат? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстандын макаласынан жооп таба аласыз.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда кечээ, 15-май күнү аналогдук телеберүү өчүрүлүп, тарыхый кадам жасалды. Эми аналогдук берүү өлкөнүн кайсы жеринде калып, кайсы каналдар бекер көрсөтүлөт? Ресивер сатып ала электер эмне кылат?

Аналогдук берүүнүн өчүрүлүшүнө байланыштуу бардык суроолорго Sputnik Кыргызстан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Маданият жана маалымат министрлиги, Теле жана радио берүүнүн радиорелейлик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси менен биргеликте жооп издеди.

Эмнеге СТБга өтүп жатабыз?

Аналогдук телеберүүнү өчүрүү менен Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди аткарууда. Андан сырткары, бул кадамга аалам аргасыз барат. Анткени, аналогдук сигнал эфирди "булгап", интернеттин жана уюлдук байланыштын сапатына тоскоол этет. Ошол себептен, аналогдук телеберүүнүн өчүрүлүшү бул багыттагы керектөөчүлөр үчүн пайдалуу болот. 

© Sputnik / Даниил СулаймановКандай телевизордон СТБ көрө алабыз?
Кандай телевизордон СТБ көрө алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кандай телевизордон СТБ көрө алабыз?

Санариптик телеберүү көргөнүм үчүн акча төлөшүм керекпи?

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Темирбекова: санариптик пакетке россиялык эки канал кошулат
Каналдардын болгону бир социалдык жана эки коммерциялык топтому бар. Социалдык каналдар акысыз болуп, өлкөнүн бардык аймактарында алардын көрсөтүлүшүн мамлекет кепилдикке алат. Азыр анда жалпы 13 канал иштейт, келечекте анын санын көбөйтүү пландалууда. Ал эми "коммерциялык" деген аталыш акы төлөө дегенди туюндурбайт. Телекомпаниялар өзүнүн каналын элге көрсөтүү үчүн мультиплекс ээлерине төлөйт. Азырынча үч топтом тең бекер. Келечекте коммерциялык телевидениелер өз каналдарын кодировкалап, акы алууга да өтүшү мүмкүн. Аларды көрүү үчүн атайын декодер керектелет.

СТБ канча канал көрсөтөт?

Мамлекет өлкө аймагында 13 каналдын (социалдык) көрсөтүлүшүн камсыз кылат. Ал эми коммерциялык топтомдогулар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жана каалоолоруна жараша кайсы облуста көрсөтөрүн өздөрү чечет. Ошентип кыргызстандык көрүүчү кеминде 13 каналды көрө алат. Азыркы тапта Бишкекте 54, Ошто 20дан ашык каналды көрө алабыз. 

© Sputnik / Даниил СулаймановСТБны кабылдоочу антенналар түрлөрү
СТБны кабылдоочу антенналар түрлөрү - Sputnik Кыргызстан
СТБны кабылдоочу антенналар түрлөрү

Санариптик каналдардын баары бекерби?

Ооба, азырынча бардык санариптик эфирдик каналдар калк үчүн акысыз. Болгону кабелдик санариптик каналдар мурдагыдай эле акы алат.

Санариптик телеберүү кармабай жатса, эмне кылам?

СТБ кабыл алган аймакта экендигиңизди текшериңиз. Санарип кошула элек калктуу аймактарда санариптик автоматтык телевизиондук ретстрансляторлор (САТР) орнотулмайынча көрсөтүлбөйт. Андан соң, кабылдагычтын туура кошулганын байкаңыз. Антенна туура багытка (таркаткыч тарапка) коюлуп-коюлбаганын караңыз. Ал ДМТ сигналын кабыл алышы керек, башкача айтканда, дециметрдик толкунду кабыл алууга ылайыкталган. Эски антенналар метрдик диапазонду кармай албайт. Кабылдагычты автоматтык багыттоого коюңуз. 

© Sputnik / Даниил СулаймановСТБ үчүн антеннаны кандай багыттоо керек?
СТБ үчүн антеннаны кандай багыттоо керек? - Sputnik Кыргызстан
СТБ үчүн антеннаны кандай багыттоо керек?

Аналогдук теленин өчүрүлүшү кабелдик берүүгө таасир этпейби?

Жок. Кабелдик берүү өчүрүлбөйт.

Мен жашаган аймакта САТР орнотуу мүмкүн эмес, санариптик теле көрө албаймбы?

Андай айылдарда спутниктик ресивер түзүлүштөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Тургундар кабылдагыч жана "табак" антенна сатып алуусу зарыл. Алардын баасы – 3,5-6 миң сомго чейин. 

© Sputnik / Даниил СулаймановБишкекте СТБ сигналдарын кабыл алуу айырмачылыктары
Бишкекте СТБ сигналдарын кабыл алуу айырмачылыктары - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте СТБ сигналдарын кабыл алуу айырмачылыктары

Ресиверим болбосочу?..

СТБны көрүү үчүн DVB-T2 телевизоруңуз же ага туташтырылган ресивер болушу керек. Бул шарттар аткарылбаса, СТБ көрсөтүлбөйт. Мамлекет бардык табиттерди эске алып, ар багыттагы: тасмалар, балдар, жаңылыктар жана башка каналдарды көрүүңүзгө шарттарды түздү. Ошондой эле ресивер сатып алуу зарылдыгы 2015-жылдан бери айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0