Бишкектин "Жеңиш" жаңы конушунун тургундары газ менен камсыздалды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЖителей села Жапалак города Ош впервые начали подключать к газоснабжению
Жителей села Жапалак города Ош впервые начали подключать к газоснабжению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узундугу 7,4 чакырымды түзгөн газ түтүктүн курулуш иштерине жалпы 28,2 миллион сом сарпталган.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Борбор калаанын "Жеңиш" жаңы конушунун тургундары көгүлтүр от менен камсыздалды. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, жаңы конуштун 1320га чукул жашоочусу газ колдонууга мүмкүнчүлүк алышкан.

"Узундугу 7,4 чакырымды түзгөн газ түтүктүн курулуш иштерине жалпы 28,2 миллион сом сарпталды", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган ишкана тарабынан Бишкек шаарынын он жаңы конушу газ менен камсыздалып, эми Чүй облусунун жана калаанын дагы 12 жаңы конушуна көгүлтүр от берүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0