Таласта балдарды тарбиялоого багытталган республикалык форум өтөт

Жазылуу
2016-жылы БУУнун балдар фондусунун колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык стандарттары иштелип чыккан.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим форуму Талас шаарында өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

"Максат – өлкөдөгү педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу", — деп айтылат маалыматта.

Чогулгандарга аталган базалык стандарттар тууралуу маалымат берилип, форумдун катышуучуларынын ортосунда талкуу жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0