Баткен: чек ара аймагындагы жерлер өздөштүрүлүп, эл отурукташат

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарга караганда, Баткен облусунда бүгүнкү күндө 5000ге жакын адам турак жай салуу үчүн жер тилкесине муктаж.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Баткенде чек ара аймагындагы какыраган талааны өздөштүрүп, ага элди жайгаштыруу жолу менен чек араны бекемдөө максатында Бүргөндү-2 деп аталган стратегиялык долбоор ишке ашууда.

Анын алкагында чек ара аймагындагы 7 миң гектардан ашык жер өздөштүрүлүп, 100 чакырымдан ашык ирригациялык каналдар курулган.

Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев бул долбоордун алкагында жасалган иштер жана башкы план туурасында айтып берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: кыргыз-өзбек чек арасынын 1055 чакырымы такталды
"114 чакырым ички чарбалык каналдарыбыздын курулушу бүтүп, колдонууга берилди. Бул массивдин стратегиялык мааниси өтө чоң, себеби Бүргөндү Өзбекстандын Рыштан, Сох райондору менен чектешип турат. Бул суу менен 7,5 миң гектар жерибиздин сугат жаатындагы маселесин чечип алып жатабыз. Биз ушул чек арага сууну жеткирип калктуу конуш кылабыз деп башкы планды даярдадык", — деди Төралиев.

Маалыматтарга караганда, Баткен облусунда бүгүнкү күндө 5000ге жакын адам турак жай салуу учун жер тилкесине муктаж. Андыктан Бүргөндү өрөөнүндөгү жаңы өздөштүрүлгөн жерге Баткен дубанынын аймагындагы бардык район-шаарлардан жер алууга арыз бергендер жайгаштырылат.

Алардын катарында Кадамжайдын тургуну Адылбек Анарбаев да бар. Учурда төрт баласы менен батирде жашаган Анарбаев жаңы өздөштүрүлгөн жерден ага үлүш жер бөлүнөт деген үмүттө турат.

"Ижарага алынган жерге салынган чакан тамда жашайм. Эми ушул жерде суу маселеси чечилди, электр энергия келсе эле жер берилет экен. Жер алсам үй салам деген тилегим бар", — деди Анарбаев.

Бүргөндү өрөөнүндөгү жаңы жерди өздөштүрүүгө 500 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0