Өкмөт: өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу, мал ылаңы азаюуда

Жазылуу
Өкмөттөн малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча каражаты мурдагы жылдарга караганда үч эсе көп бөлүнүп жататкандыгын билдиришти.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, бруцеллез, эхинококкоз сыяктуу оорулардан жабыркаган жарандардын саны беш эсеге кыскарды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов айтты.

Бул маалыматтар Ветеринардык жана фитосанитардык кызматкерлердин кесиптик майрамы учурунда айтылган.

Өкмөттүн аппаратынын Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Далбаевдин айтымында, малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча каражаты мурдагы жылдарга караганда үч эсе көп бөлүнүп жатат.

"Анын натыйжада жылдан-жылга малдын ылаӊы жана малдан жуккан адамдардын оорусу да азаюуда. Азыркы учурда республиканын аймагы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу", — деп билдирген Далбаев.

Эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эки жыл ичинде эшектин саны 20 миңге азайган
Анын айтымында, республика боюнча ири мүйүздүү мал идентификцаядан өткөрүлүп, маалыматтык системага киргизилүүдө

Бүгүнкү күндө республика боюнча 629 948 баш саан уй идентификцаядан өткөрүлүп, маалыматтык системага катталган.

Мындан сырткары малдын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары менен күрөшүү максатында шарп, сибир жарасы, эхинококкоз, бруцеллез, лейкоз, кой-эчкилердин күл, кыргын, кутурмага каршы атайын стратегия иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0