БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Орто мектепти бүтүрүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралар 20-июнь күнү өтө турганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Аттестаттарды тапшыруу аземи бардык мектептерде саат 10.00дө башталат.
Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө коштошуу салтанаты 24-июнга белгиленди. Мындай буйрукка билим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду.
"Коштошуу кечелерин мектептин аймагында, көңүл алуу борборлорунда, кафелерде, ресторандарда жана жаратылышта кечкисин же түн ичинде өткөрүүнө тыюу салынат. Иш-чара учурундагы тартипке жана бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна мектеп директорлору менен мугалимдер жооп берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Салтанаттар өткөрүлгөн күндөрү 24 саат бою ата-энелерден, мектептин коопсуздук кызматынан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган топтор нөөмөттө болушат.
Маалыматка караганда мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, чара көрүлүп, мектеп директорлору кызматынан бошотулушу дагы мүмкүн.