Депутаттар коомдук жайда чылым чегүүгө тыюу сала алган жок

© AFP / JOE KLAMARКафеде отуруп, чылым чегип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Кафеде отуруп, чылым чегип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрүнүн кээси коомдук жайларда чылым чегүүгө каршы чыкканы менен аталган мыйзам долбоору ишке ашпай калды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кафеде чылым чегүүгө толугу менен тыюу салган мыйзамга каршы добуш беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал "Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыянынан коргоо жөнүндөгү" мыйзамга толуктоо киргизүү менен ресторан, бар, аэропорт сыяктуу коомдук жайлардагы атайын чылым чегүүчү бөлмөлөрдү таптакыр жок кылууну сунуштап жаткан

Бул ишкерлердин нааразычылыгын жаратты.

Толугу менен тыюу салууга бүгүнкү отурумга катталган 110 депутаттын 64ү каршы добуш берди.

Ал эми чылым чеккен кардарлар үчүн атайын кабиналарды даярдоо сунушуна 82 парламентарий макул болду.

"Эс алуучу жайлардын ээлери же өз имараттарында тамеки чегүүчүлөргө өзүнчө зал даярдашы керек же таптакыр тыюу салышы зарыл", — деди Бекешев.

Мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0