БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Дубайда Queen of USSR Dubai 2017 аталышындагы эл аралык сулуулар сынагы өтүп жатат. Аталган сынакка Кыргызстандын атынан ошол жакта жашаган украиналык Алиса Саросек катышууда.
Былтыркы жылы өлкө намысын кыргызстандык Уулжан Зулпукар кызы коргоп, 15 сулуунун катарына илинген.
Сынактын уюштуруучусу Ольга Пишикова учурдагы кырдаалды аталган сынакка катышууга кызыккан кыргызстандык сулуулардын чыкпай койгону менен түшүндүрдү.
Көпчүлүк катышуучулар СССРдин убагындагы өлкөлөрдүн Дубайда жашаган өкүлдөрү болгон.
Бьюти-мелдеште катышуучулар өз өлкөсүнүн маданиятын салтын тааныштырып, финалга даярданышы керек.
"Алиса азыр 17 катышуучунун ичинен финалга чыкты. Азыр ал акыркы чыгуусуна даярданып жатат. Былтыркы катышуучу финалда улуттук көйнөк тигип, "Кара жорго" бийин бийлеп калыстардын эсинде калган", — деди уюштуруучу.
Эл аралык сулуулар сынагынын финалы 13-майда өтөт.