Аскар Салымбековдун жубайы каза болду

Жазылуу
Ишкердин жубайы көпкө созулган оорудан улам көз жумган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бүгүн таңга жуук жеке ишкер Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева 61 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Билдирүүгө караганда, ал буга чейин ооруп жүргөн.

Кайрымдуулук иштери менен алектенип келген философия илимдеринин доктору Гүлмира Мамбеталиева "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти болчу. Аскар Салымбеков экөөнүн ортосунда эки уул бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0