Кыргызстан өзүнүн туристтик деңгээлин Казакстанда көрсөттү

© Sputnik / Акылбек БатырбековПирс на пляже озера Иссык-Куль. Архивное фото
Пирс на пляже озера Иссык-Куль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Туризм жана саякат" KITF көргөзмөсү КМШ мамлекеттеринин аймагындагы эң ири туристтик көргөзмө болуп саналат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын туристтик индустриясы өз кызматтарын Алматы шаарында өткөн эл аралык "Туризм жана саякат" KITF-2017 көргөзмөсүндө тартуулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Аталган көргөзмөдө Кыргызстандын Курорттор ассоциациясы менен Туризм департаменти ата мекендик ишкерлер менен биргеликте өлкөнүн улуттук стендин даярдашкан.

"Көргөзмө учурунда Кыргызстандын стендине көрүүчүлөр жана катышып жаткан башка мамлекеттин өкүлдөрү кызыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык туристтик көргөзмөгө 100дөн ашык мамлекеттен өкүлдөр, компаниялар келип катышкан.

Эл аралык "Туризм жана саякат" KITF көргөзмөсү КМШ мамлекеттеринин аймагындагы эң ири туристтик иш-чара болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0