07:25 30 Чын Куран 2017
Түз эфир
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сурөтү

Атамбаев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду

© Фото / Александр Федоров
Коом
Кыскача шилтеме алуу
7310

Кыргызстандын элдик жазуучусу 2008-жылы каза болгон. Ал келерки жылы 90 жашка толмок.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкка ылайык, Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүлөт.

Өкмөт эки айдын ичинде уюштуруу комитетин түзүп, керектүү каржыны бөлүү менен иш-чаралардын планын даярдоо милдетин алды.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында төрөлүп, 2008-жылы дүйнө салган. Анын романдары 176дан ашык тилге которулуп, 128 мамлекетте 100 миллион нускада чыгарылган.

Тема боюнча

Назым Мендебаиров: Айтматовду окуп да, ыйлап да жаттым… ушундай бир бугум чыкты
Атамбаевдин Айтматов менен түшкөн архивдик сүрөтү жарыяланды
Атамбаев Айтматов боюнча архивдик материал берген археологго боз үй белек кылды
Белгилер:
жылдык, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ