01:43 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Айдоочу. Архивдик сүрөт

Ош облусунда мас абалында унаа айдагандардын саны азайды

© Sputnik / Илья Питалев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (389)
6611

Мас абалында автоунаа айдагандардын 16сы түрдүү жаракат алса, үчөө каза болгон.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ош облусунда жыл башынан бери мас абалында унаа айдагандар өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 25 пайызга азайып, жалпы жонунан 133 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 242ни түзгөн. Ал эми жашы жете электердин катышуусунда 32 жол кырсыгы катталып, 37 бала ар кандай жаракат алган.

"Ош облусу боюнча Кайгуул милиция бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 14 129 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен спирт ичимдигин ичип унаа башкаргандардын саны 267ге жеткен. Белгилей кетсек, спирт ичимдигин ичип жол кырсыгына кабылган беш учур катталып, үч киши каза болгон. 16 киши түрдүү жаракаттарды алган", — деп айтылат маалыматта.

Ош облусу боюнча Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарынын алдын алып, алардын саны азайтуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (389)

Тема боюнча

Бишкектин жака-белинде Toyota менен бус бетме-бет сүзүштү
Мас айдоочунун сазайы берилеби? Депутаттардын демилгеси
УКМКнын кызматкери милицияны коюп кетти. Териштирүү башталды
Белгилер:
жол кырсыгы, Кайгуул милициясы, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ