Баткенде өрүктүн баасы кескин төмөндөөдө

© Фото / Улан МаккамбаевБаткенде кургатылган өрүктүн баасы арзандаганын жергиликтүү сатуучулар билдиришүүдө
Баткенде кургатылган өрүктүн баасы арзандаганын жергиликтүү сатуучулар билдиришүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунда жети миң гектардан ашык аянтта өрүк бактары бар. Алардан жылына 20 миң тонна өрүк жыйналат.

БАТКЕН, 20-апр. — Sputnik. Баткенде кургатылган өрүктүн баасы арзандаганын жергиликтүү сатуучулар билдиришүүдө. Тургундар мындай абал тажикстандык соодагерлердин азайышына байланыштуу экенин айтып жатканын аймактык кабарчы маалымдады.

"Баткен өрүгүнүн 80 пайыздан ашыгы Тажикстанга экспорттолот. Бүгүнкү күнү базарда дарыланган өрүктүн субханы деп аталган сортунун бир килограммы 80 сомдон 150 сомго чейин сатылууда. Өткөн жылы ушул мезгилде өрүктүн килограммы 400 сом болчу", — дешти сатуучулар.

Сүт заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Белоруссия Кыргызстанда соода үйүн ачууга кызыкдар
Тажикстандын Исфара районундагы соодагерлердин айтымында, Баткен облусунан Тажикстанга сатылган өрүктөр кайра иштетилип Кожент шаарындагы темир жол менен Россия жана КМШнын башка мамлекеттерине жөнөтүлөт. Бирок быйыл кургатылган мөмө-жемиштерге талап аз экенин соодагерлер баса белгилешүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жети миң гектардан ашык аянтта өрүк бактары бар. Алардан жылына 20 миң тонна жемиш жыйналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0