Активисттер Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон 13 баатырдын туугандарын тапты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСогуш ардагери. Архив
Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман болгон 50 кыргызстандыктын тизмеси түзүлгөн. Алардын сөөгү согуш талаасынан таанылган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. "Баатырлар тукуму" кыймылынын активисттери Улуу Ата Мекендик согушта Ржев шаарында курман болгон 13 кыргызстандык баатырдын туугандарын табышты. Бул тууралуу кыймылдын уюштуруу комитетинен кабарлашты.

Аталган кыймылдын төрагасы Талантбек Мамасадыковдун айтымында, согуш талаасынан сөөгү таанылган 50 кыргызстандыктын 13нүн тууган-туушканы аныкталды.

"Кыймылдын негизги максаты — Ржевдеги кармашта курман болгон кыргызстандыктардын небере, чөбөрөлөрүн табуу. Себеби алар баатыр аталары кайсы жерде көмүлгөнүн билиши керек", — деди ал.

Согуш ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда болгону 640 согуш ардагери калды. Статистика
Мамасадыков Ржев шаарында согушта каза болгондордун мемориалы бар экенин белгиледи.

"Ржевде курман болгон кыргызстандыктардын элеси түбөлүк сакталышы үчүн каражат чогултуп, эстелик тургузууну көздөп жатабыз. Себеби башка мамлекеттер эстелик орнотуп коюшту. Биздики азырынча жок", — деди Мамасадыков.

Үчүнчү максат — тарыхты бурмалатпоо.

"Акыркы жылдары ЖМКларда, интернетте согушту СССР жеңбегендигин, эгер батыш өлкөлөрү болбогондо жеңилип калмактыгы жазылууда. Айрым мамлекеттердин башчылары өздөрүнүн саясий кызыкчылыктары үчүн тарыхты бурмалоого аракет жасап жатышат. Биз буга жол бербешибиз керек", — деп билдирди уюштуруу комитеттин башчысы.

Мамасадыков Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесин түбөлүк сактоо урпактардын милдети экенин белгилеп, учурда курман болгон 50 кыргызстандыктын көмүлгөн жери аныкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0