Оодарылган маршрутканын айдоочусу: кызыл жарыкка өткөн эмесмин

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көчөсүндөгү маршруттук унаа. Архив
Бишкек шаарынын көчөсүндөгү маршруттук унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин милиция жол кырсыгына учураган кмикроавтобус жол чырактын кызыл белгисине айдап кеткен деген божомолун билдирген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгына учураган микроавтобустун айдоочусу жол чырактын кызыл эмес, сары белгисине айдап өткөнүн, ага жеңил унаа жолтоо болгонун Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Жол кырсыгы өткөн жекшемби күнү, 16-апрелде, Байтик баатыр проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде катталган. Маршруттук такси жеңил унаа менен сүзүшкөндөн кийин капталга кулап, бир нече метрге чейин сүрүлүп барган. Кырсыктан тогуз адам жабыркап, экөө оор жаракат алган. Милиция тергөө ишин баштап, бустун айдоочусу светофордун кызыл белгисине айдап кеткен деген божомолун билдирди.

Жабырлануучулардын пикири

Жабыркагандардын үчөө ооруканага жатып, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы алардын ал-абалынан кабар алып келди.

Мурат Данияров — орто жаштагы адам, кырсыктан эки колу тең жабыркап, учурда эжесинин жардамына муктаж. Авария болгон маалда ал бустун эң арткы отуругучунда отурган. Жол чырактын кандай түстө экенин байкабай калганын, бирок бус катуу ылдамдыкта баратканын айттып берди.

"Кулатов көчөсү менен саатына 90 чакырым ылдамдыкта баратсак, Горькийге жакындаганда 80ге түштү. Мен айдоочу болгон үчүн унаанын ылдамдыгын жакшы сезем. Жогорку ылдамдыкта бараткан", — деди жабырлануучу.

© Sputnik / Элебесов МаксатДанияровдун колунун сөөгү сынып, ийининин тарамыштары чоюлуп кеткен
Мурат Данияров получил открытый перелом руки и растяжение предплечья - Sputnik Кыргызстан
Данияровдун колунун сөөгү сынып, ийининин тарамыштары чоюлуп кеткен

Коңшу бөлмөдө оң колу таңылып Айжан Аскарова аттуу кыз жатат. Кан бинттин сыртына чейин чыгып, дарыгерлер жарааттын ириңдеп кетиши мүмкүндүгүн айтууда. Жабырлануучуга өтүп бараткандар жардам бергени эсинде.

"Мен бустун оң жагында отургам. Маршрутка кулаганда элдин баары үстүмө жыгылды. Бизди куткарууга келген жигиттерди элес-булас билем. Мени унаадан чыгарышып, Тез жардам келгиче аялдамада 10 мүнөттөй отурдум", — деди Аскарова.

Анын пикиринде катуу келе жатып элди кырсыкка учураткан бустун айдоочусу толук жазасын алышы керек.

Милициянын пикири

Кабарчыбыз ооруканадан чыгаар замат видеокамерага түшкөн тасманы алыш үчүн кырсык чыккан жерге жакын жайгашкан соода борборуна барды. Камера орнотулган жерден тергөөчү менен кездешип калып, тасмага чогуу күбө болушту. Тасма начар көрүнгөнү менен айдоочунун Горький көчөсүнөн кызыл белгиге карабастан өтүп кетүүгө аракет кылганы байкалат.

"Айдоочу жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабастан жолдон өтүп кеткенин божомолдоп жатабыз. Муну жабыркаган жүргүнчүлөр дагы тастыктоодо", — деди тергөөчү.

Милициядан айдоочу тууралуу маалымат беришти. 51 жаштагы жаран "Мейкин" ишканасына таандык болгон №199 каттамда маршруттук такси айдап иштейт. Март айында аталган компанияга техникалык кароодон өткөрбөй туруп унааларды жолго чыгарганы үчүн 5 миң сом айып салынган.

Айдоочунун пикири

№199 маршруттун каттамы 12-кичирайондогу Каралаев көчөсүнөн аяктайт. Эл арасында "Бетонка" деген ат менен белгилүү. Кабарчы кырсыктаган бустун айдоочусу жок болгондуктан аны менен кесиптештери аркылуу сүйлөшкөн. Өзүн Токон Кабылов деп тааныштырып, кырсык тууралуу пикирин айтып берди.

"Мен саатына 50-60 чакырым ылдамдыкта бараткам. Светофордо кызыл эмес, сары белги күйүп турган. Мен аны ашып өтүүгө үлгүрмөкмүн, бирок сол жактан Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа кызылга чыга калды. Менин күнөөм жок", — деди айдоочу.

© Sputnik / Элебесов МаксатШаардык мэрия айдоочунун күнөөсү далилденсе, "Мейкин" ишканасынан эл ташууга уруксат берчү лицензиясын ала турганын билдирди
ОсОО Мейкин, курирующее маршрут №199, могут лишить лицензии, если вина водителя микроавтобуса подтвердится - Sputnik Кыргызстан
Шаардык мэрия айдоочунун күнөөсү далилденсе, "Мейкин" ишканасынан эл ташууга уруксат берчү лицензиясын ала турганын билдирди

Натыйжада жүргүнчүлөр менен күбөлөр айдоочуга терс пикирин айтууда. Видеокамерадан алынган тасмадан улам милиция дагы айдоочу күнөөлүү экенине ынанууда. Азырынча айдоочу өзү гана күнөөсүн моюнга албай жатат. Ал эми шаардык мэрия айдоочунун күнөөсү далилденсе, "Мейкин" ишканасынан эл ташууга уруксат берчү лицензиясын ала турганын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0