Республикалык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОткрытие после реставрации Апанаевской мечети
Открытие после реставрации Апанаевской мечети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча уюштурулган Куран жарыш март айында башталган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана "Адеп башаты" коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган жетинчи республикалык Куран жарышынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Конкурстун жыйынтыгы менен Курандын 10, 15, 30 парасы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

"Куран жарышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыкты Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Кыргыз ислам университетинин ректору Марс Ибраев тапшырды", — деп жазылат маалыматта.

конфликтолог жана журналист, Женева университетинин магистратурасынын эл аралык коопсуздук жана дипломатия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Чолпон Орозобекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Чолпон Орозобекова: каттоосу, окутканга шарты жок медреселерди текшерүү зарыл
Эскерте кетсек, VII республикалык Куран жарышы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругунун негизинде үстүбүздөгү жылдын мартында облустук казыяттарда тандоо туру уюштурулган. Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында финалдык жарыш өтүп, жеңүүчүлөр кечээ аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0