Бишкектин бузулган көчөлөрү кимдин эсебинен оңдолору аныкталды

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаДеятельность МП "Зеленстрой"
Деятельность МП Зеленстрой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдорду ишканалар өзүлөрү оңдогондуктан шаардык казынадан каражат коробойт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы тамтыгы чыккан жолдорду буга чейин ремонт кылгандар оңдоп чыгат. Бул тууралуу мэриянын Турак жай чарбасы башкармалыгынын жетекчиси Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовТурак жай чарбасы башкармалыгынын жетекчиси Канатбек Эшатов
Пресс-конференция Разбитые дороги Бишкека — кто понесет ответственность за некачественный ремонт - Sputnik Кыргызстан
Турак жай чарбасы башкармалыгынын жетекчиси Канатбек Эшатов

Мэриянын айтымында, атайын комиссия апрель айында калаадагы жолдордун абалы боюнча иликтеп чыгат.

"Анын жыйынтыгы менен аныкталган жолдор буга чейин ремонт кылгандар тарабынан оңдолот. Андыктан шаардык казынадан бир тыйын коробойт", — деди Эшатов.

Өткөн жылы мэрия тарабынан 44 жол оңдолуп, ага 600 миллион сом сарпталган. Муниципалитет муну менен 158,7 миллион сом жумшап, ал каражатка дагы 17 көчөнү оңдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0