БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Быйылкыга пландалган жолдордун аң-чөнөгүн оңдоо иштерин Жол чарба департаменти 15-майга чейин аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген мөөнөткө чейин бир гана аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери эмес, көпүрөлөрдү тазалоо, актоо, сырдоо жана башка зарыл болгон иштер бүткөрүлөт.
Министрликтен ошондой эле Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолунун 76-чакырымдан 85-чакырымына чейин жолду кеңейтүү үчүн үч бригада тартылганын маалымдашты.