Россиянын баш муфтийи Кыргызстанга келет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в Москве
Празднование Курбан-Байрама в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Равиль Гайнутдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында заманбап мечиттин ачылышына катышат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиянын башкы муфтийи Равиль Гайнутдин 31-мартта Кыргызстанга келет. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

"Равиль Гайнутдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында 1-апрелде Бишкек шаарында курулган "Махмуд ал-Кашгари" мечитинин ачылыш салтанатына катышат. Ал эки өлкөнүн достук мамилелеринин бекемделиши, дин башкармалыктарынын  кызматташуусу боюнча маалымат жыйынын өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.

Мечиттин расмий ачылышы 1-апрелде болот. Ага дин аалымдары, депутаттар жана өкмөттүн өкүлдөрү катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0