БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында, Кара-Үңкүр участогунда карды атайылап атып түшүрүү иштеринен улам аталган унаа жолдун айрым бөлүктөрү саат 11:00дөн 17:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган убакыт аралыгында Кочкор районунун Сары-Булак айылынан жана Нарын районунун Оттук айылынан баштап жабылат.
"Жол коопсуздугун сактоо максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу жолго чыгууну токтото турууну сунуштайбыз", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ Кара-Үңкүр капчыгайында кооптуулуктан улам кар атып түшүрүлүп, Бишкек — Нарын — Торугарт жолу убактылуу жабылган болчу.