Бишкектеги Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү апрель айында жабылат

© Sputnik / Нургуль МаксутоваРемонтко жабылган көчө. Архив
Ремонтко жабылган көчө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үмөталиев көчөсүндөгү суу түтүктөрү алмаштырылат. Андагы иштер бир айга созулаары маалымдалды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү апрель айында жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, аталган көчөнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгына унаа каттамы үчүн чектөө 1-апрелден 1-майга чейин киргизилет.

Жол суу түтүктөрүн алмаштырууга байланыштуу жабылганы жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0