Ала-Тоо аянтындагы "Раритет" турган жер аукционго коюлду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИмаратты ижарага берүү жарыясы. Архив
Имаратты ижарага берүү жарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы аянты 684 чарчы метр болгон мамлекеттик имарат аукционго коюлду. Баштапкы ижара акысы айына 118 миң сом деп белгиленди.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Раритет" дүкөнү турган Эл достугу үйүнүн имаратынын жарымы аукционго коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Эл достугу үйүнүн имаратында Маданият министрлиги, Кыргызстан элинин ассамблеясы жана китеп дүкөн жайгашкан.

"Китеп дүкөнү турган жер аукционго коюлду. Мындай аракет Достук үйү жоюлуп, эми келишимди Маданият министрлигинин өзү менен түзүү муктаждыгы жаралгандыктан жасалууда. Ал жердин аянты 75 чарчы метрден ашык, андыктан аукцион өткөрүү керек. Катышуучулардын ичинде "Раритет" китеп дүкөнү дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалыматы боюнча аукционго жалпы аянты 684 чарчы метрди түзгөн жер коюлууда. Ижаранын мөөнөтү үч жыл. 6-апрелде өтө турган аукциондо баштапкы ижара акысы айына 118 миң сом деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0