Бакчадагы балдар эми жаңы ыкма менен тарбияланат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРабота детского сада в Калининграде
Работа детского сада в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программа билим берүү системасын модернизациялоо, мугалимге талаптардын өзгөрүшү жана мектепке чейинки курактагы балдардын өзгөчөлүктөрүнө басым жасайт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги "КРде мектепке чейинки билим берүү" долбоорунун колдоосу менен үч-алты жаштагы балдар үчүн "Балалык" деп аталган атайын программа иштеп чыкканын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Бул билим берүү системасын модернизациялоо, мугалимге талаптардын өзгөрүшү жана мектепке чейинки курактагы балдардын өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу.

"Программа баланын талаптарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аңдап билүүгө арналды. Бул аркылуу баланы мекенин, эли-жерин сүйгөн, башка элдердин каада-салды, маданиятына сый-урмат менен мамиле кылган жаран катары өстүрсө болот. Ошондой эле программага адамда маданияттын пайдубалын түптөө максаты коюлган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз жана орус тилиндеги программа жана методикалык колдонмолор бардык бала бакчаларга жана педагогикалык окуу жайларга жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0